2026-жылдын 18-февралында Экономиканын жогорку мектебинде «Экономика» жана «Банктык иш жана салык салуу» кафедралары тарабынан уюштурулган «Экономикадагы кыргыз тилинин орду жана ролу» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – мамлекеттик тилдин экономикалык чөйрөдө колдонулушуна байланышкан илимий-методологиялык маселелерди талдап, практикалык сунуштарды иштеп чыгуу болду.
Тегерек столду экономика кафедрасынын башчысы, э.и.д., профессор Жапар Алыбаев кириш сөз менен ачып, тил — улуттун фундаменталдуу баалуулуктарынын бири экенин жана кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары экономикалык мамилелерде, башкаруу системасында жана коомдук коммуникацияда негизги инструмент болууга тийиш экендигин баса белгиледи.
Баяндамаларда экономикадагы негизги процесстер — өндүрүш, соода, кызмат көрсөтүү, финансы жана башкаруу — тил аркылуу ишке ашаары, демек, тил маалымат берүүчү, түшүндүрүүчү жана байланыш түзүүчү негизги курал катары кызмат кылаары талданды. Катышуучулар экономикалык маалыматтарды мамлекеттик тилде жеткиликтүү жана так жеткирүү — жарандардын экономикалык сабаттуулугун жогорулатууга, мамлекеттик органдар менен коомдун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Аны менен катар мамлекеттик башкарууда жана экономикалык саясатты ишке ашырууда кыргыз тилинин колдонулушу жетишсиз деңгээлде экендиги да белгиленди. Бизнес жана рынок мамилелеринде да мамлекеттик тилдин ролу талаптагыдай эмес экени айтылып, бул жагдай улуттук экономикалык кызыкчылыктарды коргоо жана экономикалык коммуникациянын сапатын жогорулатуу маселелерин күн тартибине коёру белгиленди.
Талкуу учурунда экономикалык билим берүү тармагындагы кыргыз тилинин ролу өзгөчө баса белгиленип, бирдиктүү жана системалаштырылган экономикалык терминологиянын жетишсиздиги илимий-методикалык көйгөй катары көрсөтүлдү. Бул багытта терминологиялык базаны өркүндөтүү, окуу-методикалык материалдарды мамлекеттик тилде даярдоо жана илимий изилдөөлөрдү колдоо зарылдыгы белгиленди.
Жыйынтыгында катышуучулар кыргыз тилинин экономикадагы орду жана ролу стратегиялык мааниге ээ экенин, ал экономикалык мамилелерди жөнгө салууда, эл менен мамлекеттин ортосундагы коммуникациялык көпүрө катары жана улуттук экономикалык ой жүгүртүүнүн концептуалдык негизи катары кызмат кылаарын белгилешти. Ошондой эле мамлекеттик тилди экономикалык чөйрөдө кеңири колдонуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана улуттук иденттүүлүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөрү жыйынтык катары кабыл алынды.
(С) Жапар Алыбаев — экономика кафедрасынын башчысы, э.и.д., профессор