2026-жылдын 10-февралында Юридикалык институтта «Эне тил — улуттун дили» аттуу адабий кече өткөрүлдү. Бул иш-чара эң ыйык баалуулугубуз болгон эне тилибизди даңазалоо жана жаш муунга тилдин кадыр-баркын жеткирүү максатында уюштурулду.

Кеченин ардактуу коноктору катары кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты профессор Осмоналиева Гүлмира Каскеевна баштаган окутуучулар курамы Оморова Айканыш, Токтоналиева Кайрылса катышты. Ошондой эле академиялык мобилдүүлүк программасы алкагында Казакстандан келген студенттер жана Саадат Нурлановна коноктор катышты.

Иш-чара «Жемчужина» бий ансамблинин аткаруусундагы кыргыз бийи менен салтанаттуу ачылды. Студент Курманбеков Казыбек «Эне тил» өзүнүн автордук ырын көркөм окуп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ошондой эле кечеде «Сыйкырдуу кутуча» интерактивдүү оюну ойнотулуп, анда адабият, маданият жана логикага негизделген суроолор берилди.

Юридикалык институттун студенттери тарабынан даярдалган театрлаштырылган көрүнүштөр кеченин көркүн ачты. Сүйүү менен ишенимдин символу болгон драмалык сахналар көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды.

Кыргыз менен казак — тагдырлаш, тамырлаш, «бөлүнбөс эгиз, бир тууган» эл. Кечеде кыргыздын үч кылдуу комузу менен казактын эки кылдуу домбурасы жаңырды. Бул аспаптардын үнүндө көчмөн элдин духу жана эркиндикке болгон умтулуусу чагылдырылды.

Кеченин эң таасирдүү бөлүгү — кыргыз тили жана мамлекеттүүлүгү үчүн курман болгон залкар инсандардын монологдору болду. Студенттер Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов жана Молдо Кылычтын образдарын чеберчилик менен ачып беришти.

«Биз тил үчүн атылдык… Эми тил үчүн жашайсыңарбы? Тилди сактагыла — бул биздин акыркы осуятыбыз!» — деген чакырыктар ар бир катышуучунун жүрөгүнөн түнөк тапты.

Кеченин соңунда 2-курстун студенти Токтосунов Самаган «Тилим менен улукмун» өзүнүн автордук ыр саптарын тартуулады. «Акындын каты өлбөйт, ырчынын аты өлбөйт» демекчи, поэзия кечеге өзгөчө чекит койду.

Бул адабий кече кыргыз тилинин улуулугун, адабиятыбыздын тереңдигин жана жаштарыбыздын талантын дагы бир ирет далилдеди.

(С) Бакова А.Б. — тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий