2025-жылдын 24-декабрында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев Журналистика жана коммуникация институтуна расмий иш сапары менен келип, түрк дүйнөсүнүн маданиятына жана искусствосуна кошкон салымы үчүн институттун директору Ширин Костюкка ТҮРКСОЙдун абройлуу медалын тапшырды.
Сыйлык — маданий интеграцияны, чыгармачылыкты жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн руханий кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон эмгекти баалоонун символу.
Иш-чара учурунда билим берүү, маданий алмашуу жана медиакоммуникация багытында мындан аркы кызматташтык тууралуу пикирлер айтылды. Султан Раев өзү да кезинде журналистика жана коммуникация институтун бөлүм болуп турган кезинде бүтүргөнүн эскерип, журналисттердин медиасектордогу ролу жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр тууралуу пикир бөлүштү.
Журналистика жана коммуникация институтунда мындай деңгээлдеги сыйлыктын тапшырылышы — окутуучулар жамаатынын жана жетекчиликтин маданий-билим берүү иштериндеги салымы эл аралык деңгээлде таанылганын тастыктайт.
(С) П.Джаныбекова — адис