Кыргыз филологиясы факультетинин Манас таануу жана дүйнɵлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты, адабиятчы, сынчы Медетов Аскар Советович «Поэзиядагы жаңы муундун Музасы» деген аталыштагы макаласы үчүн Жазуучулар Союзунун «Алтын калем» адабий сыйлыгынын ээси болду.

Макалада постсоветтик мезгилде адабиятка келип кошулган муундун поэзиясында мезгилдин духун кармаган, жаңы мазмунду чагылдырган, жаңы поэтикалык образдар, жаңы туюнтуу каражаттары менен байыткан көрүнүштөр, бир муундун тагдырын жалпылаштырып, синтездеп ырга салган идеялык-көркөмдүк табылгалар, аздыр-көптүр ийгиликтер менен бирге, интеллектуалдык-эстетикалык инфантилизмдин, профессионалдык дилетантизмдин айынан эпигончулуктан өйдө көтөрүлө албаган көрүнүштөрдүн арбындыгы тууралуу маселелерге кɵп токтолгон. Граждандык лириканын актуалдуулугун жамынып, Мекен, эне-ата, айыл, өлкө, туулган жер, нооруз, рамазан, эгемендүүлүк, эркиндик сыяктуу дежурный темаларды, диний мотивдерди эрмектеп, трафарет образдарды даяр калыпка салып, ыр чүргөгөн ышкыбоздор сайдын ташындай көбөйдү. Мунун эң негизги себеби авторлор стереотиптүү ой жүгүртүү, китептик таасирлер менен чектелгенинде. Анткени поэзиядагы деңгээл төмөндөп, мурдагыдай катуу талаптар коюлбай, соцтармак аркылуу ыр жарыялоо, окурманга жетүү абдан оңой болуп, сөздү аздектеген чыгармачылыктын кунун кетирди деген кɵз караштарын билдирген. Жалпы эле адабиятка болгон кɵз караштын, мамиленин ɵзгɵргɵндүгүн, талап кое билүү да тɵмɵндɵгɵнүн белгилеп кеткен.

Олуттуу ойлору менен бɵлүшүп, адабиятка жан дили менен күйгɵн, оош-кыйыштарын, ийне-жибине чейин талдап, сынчы катары ɵз пикирин кеңири планда анализдеп берген.

Аскар Советович, чыгармачылык ишинизде ийгиликтер кɵп болуп, дагы да далай бийиктиктерди багындырып, сыйлыктарды ала беришинизди каалайбыз!

(C) М.А.Жаныбаева — окуу иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий