2025-жылдын 8-декабрынан 15-декабрына чейин Экономиканын жогорку мектебинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук адабият күнүнө жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган жыйындар болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты:

  • Кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон Чыңгыз Айтматовдун өмүрүн жана чыгармачылыгын даңазалоо, анын мурасынын дүйнөлүк маанисин баса белгилөө.
  • Адабиятка кызыгууну арттыруу:
  • Илимий чөйрөнү өнүктүрүү:
  • Улуттук намысты жогорулатуу.

Экономиканын жогорку мектебинин «Банктык иш жана салык салуу» кафедрасынын окутуучулары жана ЭБД(б)-1-25, ЭБД(б)-1-24, ЭБД(б)-23, ЭБД(б)-1-22 тайпаларынын студенттери улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган талкууларды өткөрүштү. Студенттер «Ак кеме», «Биринчи мугалим», «Кыямат» жана «Саманчынын жолу» сыяктуу чыгармаларды терең талдоо менен баяндамаларды (докладдарды) окушту.

(С) Курамаева Э.Д. — “Банктык иш жана салык салуу” кафедрасынын э.и.к. доценти

Добавить комментарий