2025-жылдын 12-13 декабрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Борбор Азия аймагында, анын ичинде Кыргызтанда, билим берүү жана илим аркылуу заманбап глобалдык көгөйлөрдү чечүүдө Германиялык DAADдын ролу» аттуу эл аралык конференция өтүп, ага Германия Федеративдүү Респүбликасынын Кыргызстандыгы элчиси М.Ленгард, Борбордук Азиянын DAADдагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Г.Циммерман катышып DAADдын 100 жылдыгына арналган куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Конференцияда Германия менен Кыргызстан ортосунда илим инновацияларын түзүү багыттары толук талкуланды. Иш-чарага Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинен п.и.д., профессор Раимкулова А.С., ф.и.д., профессор Кадырбекова П.К. жана социол.и.д., доцент Жунушова С.О. активдүү катышышты.
(С) Жолдошева А.Ш. — социол.и.к., доцент