2025-жылдын 11-декабрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев  орто кесиптик окуу жайлардын спартакиадасында 2-орунга ээ болгон КУУнун колледждеринин курама командасынын жетекчилери жана мүчөлөрү менен жолугушту.

Юридикалык колледждин директору Данияр Джумалиев аталган спартакиадага республика боюнча 25 орто кесиптик окуу жай катышып, алар спорттун 10 түрү боюнча ат салышканын жана Улуттук университеттин колледждеринин курама командасы экинчи орунга ээ болуп, акчалай сыйлык алганын ректорго маалымдады. Данияр Джумалиевдин айтымында өзгөчө теннис жана футбол боюнча командалар жакшы жетишкендик көрсөтүп, ийгиликке жетишүүдө машыктыруучулардын эмгеги зор болду, ал эми сан жагынан юридалык колледждин студенттери активдүү катышты.

Ректор Догдурбек Чонтоев жеңүүчүлөрдү куттуктап, спорттогу натыйжалуу ийгиликтер Улуттук университет үчүн сыймык экенин жана 2-орун татыктуу жеңиш экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, спартакиада  Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулуп, 2025-жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин өткөрүлдү.

Добавить комментарий