2025-жылдын 11-декабрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 105 жылдык мааракесине арналган «Мамлекеттик башкаруудагы улантылган салттар: өткөндүн сабактары жана бүгүнкү чакырыктар» аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институту менен «Турдакун Усубалиев атындагы коомдук бирикме» тарабынан биргеликте уюштурулган иш-чараны Улуттук университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачып, 2025-жыл Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети үчүн тарыхый жыл болгонун, анткени 24-25-октябрь күндөрү КУУнун 100 жылдык мааракеси өткөрүлсө, бүгүн советтик доордо мамлекеттик-партиялык башкаруунун эң жогорку сересинде туруп, Кыргызстандын тарыхында терең из калтырган көрүнүктүү инсан, алысты көрө билген саясатчы жана жаратман жетекчи, КУУнун бүтүрүүчүсү Турдакун Усубалиевдин 105 жылдыгы белгиленип жатканын белгиледи. Ректордун айтымында, 100 жылдыктын алкагында Тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессору, тарых илимдеринин доктору Жамыйкат Омурованын «Доор инсаны Турдакун Усубалиев: жаратмандыгы, тарыхый мурастары» аттуу монографиясы жарык көрүп, Турдакун Усубалиевдин үй-бүлөсү көрүнүктүү инсандын илимий мурастарын, китептерин белек кылып берүүнү чечти, ал эми 2026-жылы Улуттук университетте мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин атындагы кабинет ачылат
Ректордун сөзүнөн кийин, кезек расмий куттуктоолого берилип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Апас Джумагулов, Илим, билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Нурлан Омуров, Кыргыз Республикасынын Баатыры, КУУнун доценти Алиясбек Алымкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры, коомдук ишмер Аскар Салымбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы спикери, мамлекеттик жана коомдук ишмер Муратбек Мукашев, «Турдакун Усубалиев атындагы коомдук бирикменин» төрагасы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков чыгып сүйлөштү.
Андан кийин илимий-тажрыйбалык конференциянын темасы боюнча төмөндөгү баяндамалар жасалды:
- Ибраимов Осмонакун Ибраимович – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор: “Турдакун Усубалиев жана кыргыз маданиятынын алтын доору”;
- Акназарова Роза Корчубековна – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Совет доорундагы мамлекеттик башкаруудагы кадр саясаты”;
- Иманалиев Каныбек Капашович – Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы, саясат таануу илимдеринин доктору, профессор: “Мамлекеттик башкаруу жана Турдакун Усубалиевдин мурасы”;
- Атаханов Шамиль Эсенжанович – Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер министри: “Турдакун Усубалиев – мамлекеттик жана коомдук ишмер”;
- Омурова Жамыйкат Орозбековна – КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессору, тарых илимдеринин доктору: “Доор инсаны Турдакун Усубалиев: жаратмандыгы жана тарыхый мурастары”.
Жыйындын жүрүшүндө КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, химия илимдеринин доктору, профессор Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимовичке “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору” наамы ыйгарылганын билдирип, ардактуу наамдын аттестатын тапшырды жана мантиясын кийгизди. Бектемир Мурзубраимов о.э. “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды.
Догдурбек Чонтоев сыйлыктарды тапшырып жатып, Турдакун Усубалиев башкарган мезгилде илим-билим жаатында Бектемир Мурзубраимов алдыңкы адистердин бири болгонун, кийин эки инсан тең эгемендүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки жолку (1995-2005-ж) чакырылышында эриш-аркак иштешкенин белгиледи.