2025-жылдын 21-ноябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев баштаган топ Талас облусуна иш сапары менен барып келди.
Күндүн биринчи жарымында Талас райондук маданият бөлүмүнүн Бүбүйра Мукуйтова атындагы борборлоштурулган китепканасында Улуттук университет менен Талас райондук мамлекеттик администрациясы биргеликте “Уңгу жолдогу улуттук дем – “Манас” аттуу тегерек стол өткөрүштү. Иш-чарага КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, аймактык маселелер боюнча проректор Кундузгуль Базакеева, Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакыт Жайлообаев, кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы А.У.Акынбекова жана Талас райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси А.С.Озокеева баштаган бир топ мекеме жетекчилери, ТалМУнун профессордук-окутуучулар жамааты катышты.
Тегерек столдун алгачкы бөлүгүндө КУУнун ректору Д.Т.Чонтоев, аймактык маселелер боюнча проректору К.Ж.Базакеева, Талас облустук А.Токтогулов атындагы китепкананын директору Т.С.Жаркыналиева, Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору С.У.Бейшенова куттуктоо сөздөрүн айтышты. Андан соң Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаков “Улуттук дем жана улуу мурас”, доцент С.А.Конгайтиева “Улуттук дем – Уңгужол Эр Манастан башталат”, доцент Э.А.Үмөтов “Манас” эпосу – кыргыз көркөм дөөлөтүнүн башкы булагы” аттуу темаларда баяндамаларын жазашты. Андан ары тегерек столдун темасына байланыштуу маселелер талууланды.
Жыйындын соңунда Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин манасчысы Уран Молдошев “Манас” эпосунан үзүндү айтып, иш-чарага жигердүү катышкан баяндамачыларга, уюштуруучуларга КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев ыраазычылык каттарды жана университеттин атайын белектерин тапшырды.
(С) А.У.Акынбекова – кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, профессор
Андан кийин ректор Талас мамлекеттик университетине барып, окуу жайдын жаңы салынып жаткан окуу имараты жана башкы имаратынын абалы менен таанышты. Жаңы имарат Талас шаарындагы А.Нуржанов көчөсү – 40 дарегинде жайгашып, жалпы аянты 5600 м² болгон, жертөлөсү менен кошо 5 кабаттуу имарат болот. Бүгүнкү күндө курулуш иштери кызуу башталып, котлованы казылып бүтөөр алдында турат. Окуу имараты бутсө, стандарттарга ылайык эки миң (2000) студент батат деп болжолдонууда. Долбоор үч тараптуу келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылууда.
Талас мамлекеттик университетинин башкы окуу имаратынын менен таанышуу











Түштөн кийин Улуттук университеттин делегациясы Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арналып өткөрүлгөн “Улуттук Университет – Кең Таласта” аталышындагы салтанаттуу иш-чарада болушту. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орунбасары Максат Байжигитов, облустагы мекеме-уюмдардын КУУну бүткөн кызматкерлери, орто мектептердин мугалимдери, ТалМУнун профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери катышты.
Жыйында Догдурбек Чонтоев Улуттук университеттин 100 жылдык мааракеси жана жетишкендиктери тууралуу кенен баяндама жасап, сөзүнүн аягында Талас мамлекеттик университетинин айрым кызматкерлерине “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалын тапшырды.
Ушул эле күнү КУУнун аймактык маселелер боюнча проректору Кундуз Базакеева Талас мамлекеттик университетинин Гуманитардык-юридикалык институту, Агробизнес, биоэкология жана туризм институту менен таанышып чыкты.





















































