2025-жылдын 19-ноябрь күнү кыргыз филологиясы факультетинде Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын жана СССР Жазуучулар союзунун атайын сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин доктору, профессор, таанымал адабиятчы жана адабий сынчы, белгилүү прозачы жана драматург, көрүнүктүү педагог жана устат Мухтар Борбугуловдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арналган “Борбугуловдук окуулар” жана атактуу окумуштуунун ысымындагы кабинеттин ачылуу аземи болуп өттү.
“100 жылдыкка – 100 кабинет” демилгесинин алкагында ачылган “Профессор Мухтар Борбугулов атындагы адабият кабинети” деп аталган бул билим уясынын ачылуу аземине университеттин ректору, проф. Д.Т.Чонтоев катышып, келген меймандарга, студенттерге проф. Мухтар Борбугулов агайдын окуу жайыбыздын басып өткөн жолунда сиңирген эмгегине жогору баа берүү менен атактуу окумуштуунун уулу Улан Мухтарович Борбугуловду “Улуттук университетке 100 жыл” медалы менен сыйлады. Андан ары сөзүн улап ректор окуу жайда аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири сөз салып берди.
Чыгып сүйлөшкөн атактуу окумуштуулар Лайли Үкүбаева, Абдыганы Эркебаев, таанымал публицист жана чыныгы интеллектуал Э.Нурушев, п.и.к., проф. Б.Байсабаев, филол.и.д., проф. К.Абакиров, М.Борбугуловдун туугандары ф.-м.и.д., проф. К.Бараталиев, филос.и.д., Ө.Козубаев жана кыргыз филологиясы факультетинин деканы, проф. Б.А.Жайлообаевдер Мухтар Борбугуловдун илимий жана педагогикалык ишмердүүлүгү жана университет тууралуу кызыкутуу баяндамаларды жасашты. Академик Абдыганы Эркебаев менен академик Осмонакун Ибраимовдор “Профессор Мухтар Борбугулов атындагы адабият кабинетине” өздөрүнүн илимий эмгектерин тартуу кылышты.
Салтанаттуу жыйынды көрүнүктүү педагог жана устат Мухтар Борбугуловдун шакирти, Улуттук университеттин Аксакалдар кеңешинин төрагасы, филол. и.д., профессор Садык АЛАХАН алып барды.
