2025-жылдын 17-ноябрында Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун окуу борборунун жетектөөчү адиси Гулипа Кошокованын катышуусундагы конок лекциясы өттү.
Лекциянын максаты студенттерди Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу менен тааныштыруу болду.
Студенттердин көңүлү Кыргыз Республикасынын негизги символдорунун бири болгон мамлекеттик тилге бурулду. Лекцияда ар бир кыргызстандыктын коомдук жашоонун бардык чөйрөлөрүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү жана ырааттуу колдонууну камсыз кылуу жоопкерчилиги баса белгиленди. Лекцияда ошондой эле мамлекеттик тилдин коомдук биримдикти, коомдук гармонияны жана туруктуу өнүгүүнү сактоонун жана чыңдоонун, ошондой эле кыргыз элинин баалуулуктарын, үрп-адаттарын жана каада-салттарын сактоонун негизги булагы катары мааниси баса белгиленди. Факультеттин студенттери талкууга кунт коюп жана чоң кызыгуу менен катышышты.
(С) Акунова А. – ага окутуучу