2025-жылдын 19-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев окуу жайдын 100 жылдык мааракесине байланышкан иш-чараларды массалык маалымат каражаттарында чагылдырууга жана аны өткөрүүгө салым кошкон журналисттер менен жолугушуп, ыраазычылык билдирди жана аларды “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалы менен сыйлады.

Сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов да катышып, куттуктоо сөздөрүн айтты.

Урматтуу медиа өнөктөштөр!

Сиздердин колдооңуздар жана кызматташтыгыңыздар биздин университет үчүн чоң мааниге ээ. Биргеликте билимге болгон сүйүүбүздү жана келечекке болгон ишенимди дагы бийик көтөрө берели!

Добавить комментарий