2025-жылдын 20-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев “Эл аралык Шаньси Синхуацунь Фэньцзю соода компаниясынын»  өкүлдөрү Цян Цзянь, Сянь Юй, Ли Чжимин жана Ли Вэй менен  жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар маданият жана билим берүү тармактарындагы алакаларды мындан ары кеңейтүү, кызматташтыктын жаңы багыттарын ишке ашыруу боюнча пикир алмашышып, биргелешкен демилгелерди иштеп чыгууга өз ара кызыкчылыктарын ырасташты. 

Жолугушуунун соңунда Догдурбек Чонтоев кытайлык компаниянын өкүлдөрүнө буга чейинки жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалын тапшырды.

Добавить комментарий