2025-жылдын 19-ноябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө арналган “Улуттук иденттүүлүк жана туруктуу мамлекеттүүлүк: заманбап чакырыктар” аттуу илимий-практикалык конференция жана «“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уӊгужолу» илимий жыйнагынын бет ачары болду.
Жыйындын модераторлук милдетин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев аткарды.
Конференциянын алгы сөзүн КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев айтып, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун негизги максаты – Кыргыз Республикасында жашаган бардык этностордун ынтымагын, биримдигин чыңдоого, аларда кыргыз жараны болуу сыймыгын жаратууга багытталганына токтолуп, “уңгужолду ар бир адамдын жүрүм-турумун жана ой жүгүртүүсүн аныктоочу ынанымдардын, адеп-ахлактык баалуулуктардын жана таянымдардын тутумун мүмкүн болушунча калыптандыруучу саясий өзөк, негиз катарында ар кимибиз илим, билим берүү, таалим-тарбия процессинде жигердүү да, эпкиндүү да колдонушубуз абзел”, – деди жана бетачары болуп аткан «“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уӊгужолу» илимий жыйнагы – заманбап кыргыз коомунун руханий жана интеллектуалдык багытын аныктаган, терең мазмундуу жана концептуалдык мааниси зор эмгек экендигин, «Уңгужол» идеологиясынын алкагында иштелип чыккан негизги багыттар боюнча ар тараптуу илимий көз караштарды жана практикалык сунуштарды өзүнө камтыганын белгиледи жана бул жыйнакка салым кошкон бардык авторлорго, редакциялык кеңешке жана уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирди.
КУУнун окумуштууларын Бүткүл дүйнөлүк илим күнү жана «“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уӊгужолу» илимий жыйнагынын бет ачары менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, Президенттик Администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Эсенбек Мамбетакунов куттукташты.
Андан кийин илимий конференциянын темасы боюнча төмөндөгү баяндамалар окулду:
- Базакеева Кундузгүл Жаманчаевна – саясий илимдеринин кандидаты, доцент, КУУнун аймактык маселелер боюнча проректору: «“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уӊгужолу» “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу концепциясынын логикалык уландысы катары”
- Чыманов Жеӊишбек Арыпович – педагогика иилимдеринин доктору, профессор: «“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уӊгужолунун тили жөнүндө”
- Халилов Абдыганы Дарманбекович – КУУнун профессору: “Эгемендүүлүктүн шартында улуттук руханий баалуулуктарды жайылтууда жана өнүктүрүүдө республикалык массалык маалымат каражаттарынын ролу”
- Кендирбаева Алмагүл Жумадыловна – география илимдеринин кандидаты, доцент: “Кыргызстандагы өсүмдүктөрдүн учурдагы абалы (жапайы мандалактардын мисалында)”
- Исмаилова Наргиза Ризвановна – экономика илимдеринин кандидаты, доцент: “Синергетика логистики и маркетинга в развитии бизнес-сектора Кыргызской Республики”.
Жыйындын соңунда Илим күнүнө карата Улуттук университеттин айрым кызматкерлерине төмөндөгү сыйлыктар тапшырылды:
“Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетеине 100 жыл” юбилейлик медалы
Улуттук университеттин Ардак грамотасы
Ректордун ыраазычылыгы

































