2025-жылдын 18-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институтунун кызматкерлери, магистранттары жана студенттери университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев менен жолугушуп, институт ишке ашырып жаткан эл аралык долбоордун жүрүшү жана анын жыйынтыктары боюнча кеңири отчет беришти. Иш-чара КУУнун эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана долбоордун келечектеги багыттарын аныктоого арналган маанилүү платформа болду.
Жолугушуунун башында биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев сөз алып, долбоордун маанилүүлүгүн жана жогорку деңгээлде аткарылганын белгиледи. Ал Чет тилдер институтунун студенттери, магистранттары жана кызматкерлери көрсөткөн жоопкерчилик, активдүүлүк жана кесипкөйлүктү жогору баалап, алардын эл аралык тематикалык изилдөө топторундагы иши аналитикалык ой жүгүртүүнү, командалык иштөө жөндөмүн жана илимий демилгелерди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк бергенин айтты.
Долбоордун жетекчиси, Чет тилдер институтунун директору Кенжебай Уметов долбоордун негизги жетишкендиктери, натыйжалары жана келечектеги стратегиялык пландары боюнча кеңири маалымат берди. Ал билим берүүнү интернационалдаштыруу, академиялык байланыштарды бекемдөө жана студенттер менен окутуучулардын эл аралык мобилдүүлүгүн кеңейтүү долбоордун негизги багыттары экенин белгиледи. Ошондой эле студенттердин жана магистранттардын эл аралык тематикалык изилдөө топторундагы активдүү катышуусу, аналитикалык жөндөмдөрү жана европалык өнөктөштөр менен иштөө тажрыйбасы долбоордун маанилүү ийгилиги катары көрсөттү. Ал о.э. Чет тилдер институту университеттин көптөгөн эл аралык долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып, европалык университеттер менен кызматташууну үзгүлтүксүз өнүктүрүп жатканын билдирди жана студенттер менен магистранттарды эл аралык билим берүү жана изилдөө демилгелерине кеңири тартуу институттун приоритеттүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Ректор Догдурбек Чонтоев долбоордун отчетун жогору баалап, команда мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана жогорку жоопкерчилигин белгилеп өттү. Ал бул демилгелер КУУнун эл аралык рейтингин жогорулатууга, академиялык жана илимий мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана европалык университеттер менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого зор салым кошуу менен маанилүү экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда долбоордун катышуучуларына ректор тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды, ал эми долбоордун ассистенти Гульжахан Кубанычбекова КУУнун 100 жылдыгына арналган эстелик медаль менен сыйланды. Бул сыйлык анын кесипкөйлүгүн, эл аралык долбоорлорду ишке ашыруудагы жогорку жоопкерчилигин, ошондой эле университеттин коомдук жана академиялык жашоосуна активдүү катышуусун жогору баалоонун символу катары ыйгарылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында долбоордун катышуучулары университет жетекчилигине көрсөтүлгөн колдоо, ишеним жана берилген мүмкүнчүлүктөр үчүн терең ыраазычылык билдирип, бул эл аралык демилгеге катышуу студенттерге, магистранттарга жана окутуучуларга кесиптик жана изилдөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө уникалдуу шарт түзгөнүн белгилешти.
(С) Байболотова Ж.Т. – Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары