2025-жылдын 18-ноябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакировдун 70 жылдык мааракесине арналган “Азыркы фольклористика жана адабияттаануу маселелери” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Жыйынды мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, Курманбек Абакиров тууралуу даректүү тасма көрсөтүлгөн соң, юбилярды 70 жаш кутман курагы менен КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кеңешчиси Медет Букуев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрдин орун басары Марат Тагаев, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төөлөсбай Абылкасымов, УИАнын Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, академик Абдыганы Эркебаев, мамлекеттик жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов жана башкалар куттукташты.

Курманбек Абакировдун калеминен жаралган китептердин бет ачаары болгондон кийин, илимий конференциянын темасы боюнча төмөндөгү баяндамалар жасалды:

  • Байгазиев Советбек – филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз эл жазуучусу: “Курманбек Абакиров – сынчы, адабиятчы жана манастаануучу”
  • Үкүбаева Лайли – филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер: “Курманбек Абакировдун илимий-изилдөөчүлүк чеберчилиги”
  • Нурушев Эсенбай – коомдук ишмер, адабиятчы, журналист: “Курманбек Абакиров – манастаануу илиминин жоокери”
  • Тиллебаев Садык – филология илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору: “К.Абакиров – адабий сынчы”

Юбилярды о.э. жогорку окуу жайлардын, илимий мекемелердин, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү куттукташты.

Курманбек Абакиров

К.Абакиров 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин бүтүргөндөн кийин Кыргыз ССРинин Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлигинин жолдомосу менен Пржевальск мамлекеттик пединститутунда окутуучу болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган. 1982- 1985-жылдары КМУнун алдындагы аспирантуранын күндүзгү бөлүмүн аяктап, 1987-жылы КазМУда кандидаттык диссертациянын жактагандан кийин аталган жогорку окуу жайында (ПМПИ) окутуучу, ага окутуучу, декандын орун басары, кафедра башчысы, филология факультетинин деканы болуп иштейт. 2001-жылдан 2009-жылга чейин КМЮАнын Ысык-көлдөгү филиалында кафедра башчы, профессордун милдетин аткаруучу иштерин аркалаган. 2009-жылдан бери Ж.Баласагын атындагы КУУда кыргыз адабияты кафедрасын жетектейт.

К.Абакиров жалпы саны 170ден ашык илимий, илимий-популярдуу макалаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү, программаларды, “Соолубас дайралар шоокуму”, “Азыркы адабият”, “Адабий портреттер” аттуу илимий жыйнактарды, “Манастаануу илиминин өнүгүшү жана калыптанышы”, “Алтын наал, жез өкчө, Айдаркандын Эр Көкчө, же “Манас” эпосунун этникалык картинасына киришүү” деген монографияларын жарыялаган. Ал мындан тышкары “Алыкул Осмонов”, “Сагымбай”, “Саякбай”, жети томдук “Адабият” энциклопедияларынын, жети томдук “Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү – I”, тогуз томдук “Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү – II” аттуу фундаменталдуу жыйнактардын активдүү авторлорунун бири болуп эсептелет. Мындан тышкары анын жетекчилиги менен «Фольклористика жана адабияттаануу маселелери» аттуу илимий жыйнактардын үч жолку чыгарылышы, 70 жылдан бери студенттер тарабынан жыйналган фольклордук материалдардын үч китеби жарык көргөн. К.Абакиров ондогон магистрлик, бир канча кандидаттык жана докторлук диссертацияларга жетекчилик кылып келет.

К.Абакиров – «Кыргыз тили жана адабияты» аттуу илимий- практикалык журналды негиздөөчүлөрдүн бири жана бир катар илимий журналдардын редколлегия мүчөсү. Ал 50дөн ашык Республикалык жана Эл аралык илимий-практикалык конференцияларды жогорку деңгээлде уюштуруп, өткөргөн. К.Абакиров Республикадагы жана чет өлкөлөрдөгү бир канча илимий конференцияларга катышып, баяндамалар жасап келет.

К.Абакиров факультеттин жана университеттин Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү болуп келген. КРнын билим берүүсүнүн отличниги (1991), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2023). Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Добавить комментарий