2025-жылдын 12-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде окуу жайдын 100 жылдыгына жана Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун (KRJC) 30 жылдыгына арналган “Эл аралык академиялык форум – 2025” болуп өттү.
Форумдун жүрүшүндө мазмундуу докладдар окулуп, эл аралык билим берүү, тил окутуу, маданият, туризм, инновация жана аймактык өнүгүү тармактарында маанилүү талкуулар болду.
Негизги тема:
«Биргелешип үйрөнүү жана жаратмандык: глобалдык өзгөрүүлөр шартындагы эл аралык билим берүү жана кызматташтык».
Катышуучулар жана негизги докладдар:
Форумго Япониянын жана Кыргызстандын алдыңкы окумуштуулары, профессорлору жана изилдөөчүлөрү катышып, төмөнкү докладдар жасалды:
1. Япония жана эл аралык уюмдар тарабынан жасалган докладдар
- Каори Таникава – JICA JOCV волонтёру: «Кыргызстандагы JICA ыктыярчысы катары билимди биргелешип жакшыртуу: ишмердүүлүк жана байкоолор»
- Нурайым Сардарбек кызы – орус жана славян филологиясы факультетинин деканы: «Тилдик жана маданий тоскоолдуктарды жеңүү»
- Станислав Шахов – ISI япон тили мектеби (Япония): Тема: «Япон мектептеринде чет элдик студенттерди окутуу жана колдоо мүмкүнчүлүктөрү»
- Проф. Хироши Ямамото – Каназава университети
- Гулзат Акматбекова – туризм илимдеринин доктору, KRJC
- Кадзуё Такэда, профессор, Кобэ университети (онлайн): «Кыргызстандагы эл аралык биргелешкен окуу туру: кыргыз жана япон студенттеринин сапаттык анализи»
- Георгий Бунтилов, доцент, Хоккайдо университети (онлайн)
- Анна Савиных, изилдөөчү, Хоккайдо университети (онлайн): «“Россия маданияты” сабагы: япон студенттеринде межкультурдук компетенцияны өнүктүрүү»
- Рахат Сулайманова – И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институттун директору: «Кыргызстан жана Япониядагы мугалимдерди даярдоо практикасы»
- Дейл М. Кикучи – доцент, Токио Айыл чарба университети (онлайн)
- Кодзуэ Киношита – доцент, Киото университети (онлайн): «SLF жана япон командасынын катышуусу менен кар барсын изилдөө экспедициясы»
- Асанбек кызы Айпери – MD, MPH, аспирант, Токийский университет науки (онлайн): «SATREPS долбоору жана Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүктөр»
Атайын коноктор:
- Мырзабек Камчыбек уулу – КУУнун илимий иштер боюнча проректору (ачылыш сөзү)
- Проф. Тошинобу Усуяма – Цукуба университети (онлайн) – куттуктоо сөзү
- Кентаро Нишияма – JICA Кыргыз Республикасынын кеңсеси – куттуктоо сөзү
- Алмазбек Азимов – KRJC – Куттуктоо сөзү.
Форумдун негизги жыйынтыктары:
Катышуучулар төмөнкү багыттарда кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын баса белгилешти:
- Биргелешкен окуу программаларын күчөтүү
- Студенттик жана илимий мобилдүүлүктү кеңейтүү, жакшыртуу
- Япония жана Кыргызстан ортосундагы билим, туризм, экология жана инновация жаатындагы долбоорлорду активдештирүү
- Форумду жыл сайын өткөрүү демилгеси кеңири колдоо тапты.
Уюштуруучулар:
- KRJC — Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору
- Кыргыз Улуттук Университети (КУУ)
Колдоочулар:
- Япониянын Кыргызстандагы Элчилиги
- JICA
- Каназава Университети
- Цукуба Университети