2025-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин №1 мамлекеттик резиденциясында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан уюштурулган «Термин түзүүдөгү өзгөчөлүктөр» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чарага кыргыз филологиясы факультетинин деканы, ф.и.к., доцент Б.Жайлообаев, кыргыз тил илими кафедрасынын профессорлору Г.Жаманкулова жана И.Султаналиев катышты.

Гүлжамал Жаманкулова пленардык жыйында “Терминология маселесиндеги көйгөйлөр”, И.Султаналиев “Термин жасоонун тилдик негиздери” деген темада баяндамаларды жасашты.

Жыйынга окумуштуулар, ЖОЖдун окутуучу-профессорлору, маданият, басма сөз кызматкерлери, котормочулар, мугалимдер, аспиранттар ж.б. катышышты.

(С) А.У.Акынбекова – кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, профессор

Добавить комментарий