Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн өз ара кызматташуу келишимдин негизинде академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу максатында ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун кыргыз тил илими кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Нармырзаева Курманжан Жыргалбаевна 2025-жылдын 5-ноябрында кыргыз филологиясы факультетинин студенттерине “Академик Б.Орузбаева – белгилүү сөздүкчү” деген темада конок лекция өттү.

Сабакка факультет деканы Бакыт Жайлообаев, тил илими кафедрасынын башчысы, ф.и.д. проф. Айман Акынбекова жана окутуучулар катышты.

Лекциянын жүрүшүндө К.Ж.Нармырзаева академик Б.Орузбаеванын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн, анын кыргыз тилин жана лексикографиясын өнүктүрүүдө кошкон салымын кеңири баяндады. Лекцияда сөздүктөрдүн түзүлүшү, лексикалык бирдиктердин классификациясы жана академиктин сөздүк түзүү методикасына байланыштуу илимий жетишкендиктер тууралуу сөз болду.

Студенттер сабакка активдүү катышып, термин жасоо, терминологиялык сөздүк түзүү, которуу маселелер боюнча суроолорун узатып, талкуу жүргүзүштү.

Конок лекция академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында кыргыз тили жана филология тармагындагы билимди жогорулатууга, студенттердин илимий-практикалык компетенциясын калыбына келтирүүгө, академиялык билим деңгээлин жогорулатууга маанилүү салым кошту. Сабактын аягында катышуучулар кызыктуу лекция үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришип, факультет деканы К.Ж.Нармырзаевага ыраазычылык кат тапшырды.  

(С) А.У.Акынбекова – кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, профессор

Добавить комментарий