2025-жылдын 2-октябрында Кыргыз-европа факультетинде Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТОМ) илгерилетүү программасынын алкагында практикалык сабак болуп өттү. Иш-чара 9-Максатка — «Туруктуу инфраструктураны түзүү, инклюзивдүү жана туруктуу индустриялаштырууга жана инновацияларга көмөктөшүү» максатына арналды.

Э.и.к., доцент А.А. Эралиеванын жетекчилиги астында өткөн «Бизнестеги ESG-ыкмалар: экология, социалдык жоопкерчилик, башкаруу» темасындагы практикалык сабак студенттерге азыркы дүйнөдөгү туруктуу бизнес-моделдердин маанисин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Иштин жүрүшүндө катышуучулар чакан топторго бөлүнүп, «Тазалык», Tesla жана Coca-Cola сыяктуу белгилүү компаниялардын ишмердүүлүгүн экологиялык жана социалдык жоопкерчилик, ошондой эле корпоративдик башкаруу позицияларынан карап талдашты.

Талкуулардын натыйжасында студенттердин Кыргызстандык жана эл аралык компанияларда ESG-принциптерин киргизүү боюнча өз көз караштарын сунуштаган жаркын жана мазмундуу презентациялар болду. Сабак сынчыл ой жүгүртүүнү, аналитикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө бизнестин ролун түшүнүүгө өбөлгө түздү.

Иш-чара активдүү жана интерактивдүү форматта өтүп, окуу процессин туруктуу өнүгүү жана корпоративдик этика жаатындагы дүйнөлүк тенденцияларды практикалык түшүнүү менен айкалыштырды. Мындай сабактар болочок адистерде жоопкерчилик, инновациялар жана экологиялык тең салмактуулук баалуулуктарына негизделген туруктуу дүйнө таанымды калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Бул сабактын өткөрүлүшү Кыргыз-европа факультетинин университеттин туруктуу өнүгүү саясатын колдоодогу жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун билим берүү процессине ТОМ принциптерин интеграциялоодогу кезектеги кадамы болду.

(С) Эралиева А.А. – КЕФтин окутуучусу, экономика илимдеринин кандидаты

Добавить комментарий