2025-жылдын 3-октябрында Журналистика жана коммуникация институтунун «Россия» медиаборборунда «Улуу Ата Мекендик согуштун эстеликтери: кыргыздардын тарыхый эрдиктеринен тарыхый эстеликтердин сакталышына» аттуу конференция болуп өттү.
Иш-чарага Россия менен Кыргызстандын изилдөөчүлөрү, журналисттери жана жарандык активисттери катышты. Катышуучулар кыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктерин эскерүүнүн маанисин белгилеп, согуш тарыхын түбөлүккө калтыруу жолдорун талкуулашты.
Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк өз сөзүндө: «Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый чындыгын муундан-муунга жеткирүү — бул илимий чөйрөнүн гана эмес, журналисттер менен педагогдордун дагы маанилүү миссиясы» деп белгиледи.
Юридика илимдеринин кандидаты, «Жеңиш эстеликтери» (Монументы Победы) долбоорунун негиздөөчүсү Илья Константинович Левитан КМШ өлкөлөрүндөгү Улуу Ата Мекендик согушка арналган эстеликтер менен мемориалдар чагылдырылган сайт тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал Жалал-Абад шаарында жаңыланып оңдолгон монументтин ачылыш аземине катышканын белгиледи..
Россия илимдер академиясынын Археология институтунун кызматкери, Ысык-Көлдө өтүп жаткан Эл аралык суу алдындагы археологиялык экспедициянын жетекчиси Максим Юрьевич Меньшиков Кыргызстандагы археологиялык изилдөөлөрдөгү тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал бул иштерге 2012-жылдан бери катышып келет. 2023-жылдан баштап ал кыргыз археологу Валерий Кольченко (ИИАЭ КР УИА) менен биргеликте Ысык-Көлдүн суу алдындагы мурастарын изилдеген эл аралык экспедицияны жетектеп келет.
Тарых илимдеринин кандидаты Токтобек Рыскулов өз сөзүндө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин бири болгон өзүнүн атасын эскерип, үй-бүлөлөрдүн жеке тарыхы жаш муунга Жеңиштин баасы менен масштабын тереңирээк түшүнүүгө жардам берерин баса белгиледи.
Ал эми журналист, фотограф Влад Ушаков коомдук негизде түзүлгөн, тарыхый маанидеги сүрөттөр жайгаштырылган сайт тууралуу айтып берди. Ал студенттерди бул ишке активдүү катышууга, изилдөө жана агартуу долбоорлоруна өз салымын кошууга чакырды.
Конференция алкагында тарыхчылар менен журналисттердин тарыхты унутпоодогу, сактоодогу ролу жана ХХ кылымдагы эрдиктер менен кайгылуу окуяларга арналган долбоорлорго жаштарды тартуу маанилүү экени айтылды.
Иш-чаранын уюштуруучулары мындай жолугушуулар изилдөөчүлөрдүн илимий кызматташтыгын чыңдоого жана Кыргызстан менен Россиянын маданий диалогун өркүндөтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
(С) П.Джаныбекова – адис



