Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормотаануу бөлүмүнүн ага окутуучусу Фаризат Курамаева 2025-жылдын 17–18-октябрында Түркиянын Карс шаарында өткөн “Түрк дүйнөсүндө Азербайжан тили жана адабияты” аттуу I Эл аралык илимий симпозиумга катышты.
Бул иш-чара Кавказ университети, Азербайжан Республикасынын Карс шаарындагы Башкы консулдугу, Хазар университети, Карабах университети, Түркия–Азербайжан коомдору федерациясы жана Азербайжан Республикасынын диаспора комитети тарабынан биргелешип уюштурулуп, Кавказ университетинин Азербайжан тили жана адабияты кафедрасынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына жана Карабах жеңишинин 5 жылдыгына арналды.
Достук жана академиялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган бул симпозиумда Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана башка түрк мамлекеттеринен келген окумуштуулар илимий баяндама жасашты.
Фаризат Курамаева симпозиумдун ачылышында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атынан чыгып сүйлөп, түрк дүйнөсүндөгү тилдик, адабий жана маданий байланыштардын маанисине токтолду. Ал өз сөзүндө эмгек жолунда Кавказ университетинин Азыркы түрк тилдери жана адабияты бөлүмүнүн өзгөчө орунга ээ экенин белгилеп, 2011–2020-жылдары аталган бөлүмдө тогуз жарым жыл эмгектенгенин, бул жыйын илимий гана эмес, боордоштук жана достуктун кайра жаңырган учуру болгонун айтты.
Ошондой эле өнөктөш университетке “Манас” эпосунун бириктирилген 4 томдугун, Жусуп Баласагын энциклопедиясын, кыргыз тарыхы жана маданияты боюнча китептерди, ошондой эле улуттук кийимдерди белекке тапшырды.
Симпозиумдун секциялык иштеринде Фаризат Курамаева кыргыз жана азербайжан тилдеринин фразеологиялык байланыштары боюнча баяндама жасап, 18-октябрда бөлүмдүн студенттерине “Советтик түркология” темасында лекция окуду.
Иш-чаранын жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан келечектеги симпозиумду Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөрүү сунушу айтылды.
(С) С. Тилабердиева – факультеттин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары


