Журналистика жана коммуникация институтунун жарнама жана коомчулук менен байланыш багытынын 1-курсунун магистранты Абдыкамилова Гулиза Түркиянын радио жана телекөрсөтүү корпорациясы (ТРТ) тарабынан өткөрүлгөн “Келечектин коммуникаторлору” сынагына катышып, финалга чыкты жана ТРТнын атайын сыйлыгы менен сыйланды.
Аталган сынак Түркиянын Анкара шаарында уюштурулуп, сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 14-октябрында болуп өттү.
Институттун профессордук-окутуучулар курамы Абдыкамилова Гулизанын окууларына ийгилик каалоо менен, Кыргызстандын намысын коргоп, келечекте дагы зор ийгиликтерге жетишерине терең ишенет.
(С) Саркожоева Анаркуль – окутуучу

