Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти менен Ички иштер министрлиги биргеликте уюштурган иш-чаранын максаты – студенттердин киберкоопсуздук жаатындагы маалымдуулугун жогорулатуу, жарандардын жеке маалыматтарын жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо, о.э. интернеттеги алдамчылыктын алдын алуу болду.

2025-жылдын  13-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Чолпон Назаркулова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттерине лекция окуду.

Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти менен Ички иштер министрлиги биргеликте уюштурган иш-чаранын максаты – студенттердин киберкоопсуздук жаатындагы маалымдуулугун жогорулатуу, жарандардын жеке маалыматтарын жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо, о.э. интернеттеги алдамчылыктын алдын алуу болду.

Студенттер сабакка активдүү катышып, суроолорду берип, кызыктуу пикир алмашуу болду. Активдүү катышкан студенттерге белектер ыйгарылды.

Иш-чара Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2025-жылдын 7-октябрындагы №525 катына ылайык өткөрүлдү.

Добавить комментарий