2025-жылдын 8-октябрында компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев Түштүк Кореянын EGIS Co. Ltd. компаниясынын технология боюнча башкы директору Брюс мырза жана электрондук өкмөт боюнча адис Грейс айым менен жолугушуп, «Түндүк» өз ара аракеттенүүнүн ведомстволор аралык электрондук тутумун өркүндөтүү жана мамлекеттик кызмат порталынын кошумча функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү маселерин талкуулашты.
«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун потенциалын модернизациялоо жана өнүктүрүү” долбоору электрондук өз ара аракеттенүүнүн мамлекеттик тутумун илгерилетүү аркылуу мамлекеттик функцияларды жана жарандарга көрсөтүлгөн кызматтарды оптималдаштырууга багытталган.
Долбоордун алкагында маалымат борборун түзүү, «Түндүк» тутумунун функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле кызматкерлерди окутуу пландаштырылган.
(С) Амантур Рыспаев – компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору


