2025-жылдын 10-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Гватемала Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эдуардо Энрике Эрнандес Ресиносту кабыл алды.
Жолугушууда тараптар кызматташтыктын келечек мамилелерин өнүктүрүү, студенттер жана окутуучулар ортосунда тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашып, Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанды таанууда онлайн дарстарды уюштуруу, эки өлкөнү жакындан таанытуу жөнүндө пикир алмашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөлөр ортосунда тармактык кызматташтыкты мында ары чыңдоо ниеттерин белгилешти.
Андан кийин элчи мырза Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенттерине Гватемала мамлекети тууралуу конок лекция өттү.







