2025-жылдын 10-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Инклюзивдүү өнүгүүнүн экономикага тийгизген таасири: абалы жана келечеги» темасында Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Иш-чара КУУнун Экономиканын жогорку мектеби тарабынан уюштурулуп, көрүнүктүү экономист-окумуштуу, профессор Роза Акназарованын 70 жылдык мааракесине жана университеттин 100 жылдыгына арналды.

Конференция инклюзивдүү өнүгүү жаатындагы илимий жана практикалык тажрыйбаларды бөлүшүүгө уникалдуу платформа түздү.

Форумдун негизги максаттары төмөнкүлөр болду: инклюзивдүү өнүгүүнүн ролу жана маанисин аныктоо, анын туруктуу экономикалык өсүшүнө, каржы системаларына жана башкаруунун натыйжалуулугуна тийгизген таасирин талдоо, ошондой эле ар кандай чарба тармактарына инклюзивдүү ыкмаларды киргизүүнүн келечегин талкуулоо.

Эл аралык илимий-практикалык конференцияга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана академиялык чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлдөрү катышты, алардын ичинде:

  • Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министри Орозов Бактияр Сайпидинович;
  • Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректору, профессор Чонтоев Догдурбек Токтосартович;
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Тургунбаев Мелис Жусупжанович;
  • Кыргыз Республикасындагы Казакстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жошыбаев Рапиль Сейтаханович;
  • «БУУ-Айымдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Доктор Саид Садик.

Пленардык отурумда өлкөнүн өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарына арналган баяндамалар сунушталды:

  • Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Сейитов Чоро Сейитович «Кыргызстандагы инклюзивдүү экономикалык өнүгүү: абалы жана келечеги» аттуу баяндама менен чыгып сүйлөдү.
  • Экономика илимдеринин доктору, профессор Нуралиева Чолпон Аскаровна «Инклюзивдүү метрикаларды каржылык отчеттуулукка интеграциялоо – стратегиялык башкаруунун куралы катары» деген баяндамасын сунуштады.

Конференциянын жүрүшүндө юбилейлик датага арналган «Аял заттын өрнөк жолу» аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Маданий программа алкагында окуу-методикалык кабинеттин салтанаттуу ачылышы жана Р.К.Акназарованын «Байсалдуу өмүр баян» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Конференциянын жыйынтыгында секциялык отурумдар өткөрүлүп, экономика тармактарына инклюзивдүү ыкмаларды киргизүүнүн практикалык аспектилери кеңири талкууланды.

Добавить комментарий