2025-жылдын 10-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуу жайдын 100 жылдык мааракесинин алкагында «Кыргызстандын көрүнүктүү географтары жана алардын география илимине кошкон салымы» деген темада тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — Кыргызстанда география илиминин калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү окумуштууларды эскерүү, алардын илимий мурасын баалоо, ошондой эле география илиминин бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.
Тегерек столдо белгилүү окумуштуулар, профессорлор, жаш изилдөөчүлөр жана студенттер катышып, төмөнкү маселелер талкууланды:
- Кыргызстанда география илиминин тарыхый өнүгүү этаптары;
- Кыргыз географ окумуштууларынын илимге кошкон салымы;
- География илиминин бүгүнкү жетишкендиктери жана көйгөйлөрү;
- Санарип доорунда география илиминин жаңы мүмкүнчүлүктөрү.
Тегерек столдун модератору г.и.к., доцент, Ж.Баласагын атындагы КУУнун География, экология жана туризм факультетинин деканы Токторова Рыскүл Алманбаевна болду.
Жарыш сөзгө чыккандар:
- Чонтоев Догдурбек Токтосартович – г.и.д., профессор, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору
- Аламанов Саламат Кулембекович – г.и.к., профессор, Кыргыз географиялык коомунун президенти, КР УИАнын Геология институтунун география бөлүмүнүн жетекчиси
- Дылдаев Мирлан Мухтарович – г.и.д., профессор, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору
- Атышев Көбөгөн Атышевич – э.и.д., профессор, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору
- Бобушев Темирбек Сейтказиевич – г.и.д., М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин профессору
- Чодураев Темирбек Макешович – г.и.д., И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер институтунун география жана экология кафедрасынын профессору
- Низамиев Абдурашит Гумарович – г.и.д., профессор, Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору
- Джунушалиева Калыйбубу Кенешбековна – п.и.к., доцент, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин социалдык-гуманитардык билим берүү тармактарынын проблемалары лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери
- Султаналиев Эрмек Нурдинович – г.и.к., И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география жана экология кафедрасынын доценти
- Эшенкулов Темиркул – топонимист, картограф
- Ормуков Чолпонбек Асангазиевич – г.-м.и.к., доцент, Борбордук Азиядагы Америка университетинин экология факультетинин деканы
- Асыкулов Толкунбек Асыкулович – г.и.к., доцент, «NABU – Германиянын жаратылышты коргоо союзу» коомдук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору
- Дүйшөнакунов Мураталы Турганалиевич – Dr.rer.nat., Борбордук Азиядагы Америка университетинин Жалпы билим берүү программасынын профессору
- Ниязов Тургунбек Зайнитдинович – г.и.к., Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физикалык жана экономикалык география кафедрасынын профессору
- Иванов Владимир Константинович – ага окутуучу, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профсоюз комитетинин төрагасынын орун басары
- Кулматов Темир Нурдинович – г.и.к., Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физикалык жана экономикалык география кафедрасынын профессору.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар география илиминин келечектеги приоритеттүү багыттарын аныктоо жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштарды кабыл алышты.
(С) Октябрь Топбаев – окуу иштери боюнча декандын орун басары







