2025-жылдын 9-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Файды кабыл алды.
Жолугушууда тараптар кыргыз-француз мамилелери ырааттуу өнүгүп жаткандыгын баса белгилешип, билим багытындагы кызматташтыкты биргеликте өнүктүрүүнү талкуулашты.
Өз кезегинде ректор Догдурбек Чонтоев элчи мырзага Улуттук университеттин ушул жылдын октябрь айында өтүүчү 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага чакыруусун тапшырды.
Андан ары эки тараптуу байланышты бекемдөө үчүн КУУнун базасында француз борборун ачуу жөнүндө сөз болду. Мындай борбор студенттерге француз тилин өздөштүүрүгө, маданиятын таанууга, о.э. мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн көмөкчү болот.
Иш-чаранын соңунда Николя Фай мырза Улуттук университеттин китепканасында жана дарсканаларында болуп, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.
Кездешүүгө административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов, эл аралык кызматташуу жана байланыш боюнча департаменттин башчысы Бактыбек Келдибеков, Кыргыз-европа факультетинин деканы Медина Нукеева жана француз тили кафедрасынын башчысы Мария Акчекеева катышышты.















