Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун “Маалыматтык коопсуздук” билим беруу программасынын төрт студенти 2025-жылдын 24-26 — сентябрь күндөрү Hyatt Regency мейманканасында Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тарабынан уюштурулган «Санариптик Кыргызстан 2025» кибермашыгууларына катышты.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов келип, сөз сүйлөдү.
“Маалыматтык коопсуздук” билим беруу программасынын студенттери:
- Турдубекова Мырзайым — ИБ(б)-1-23
- Кожобеков Азамат Алтай — ИБ(б)-1-23
- Ашыров Ырыскелди — ИБ(б)-1-22
- Шаршекеев Айдин — ИБ(б)-1-22.