2025-жылдын 23-сентябрь күнү География, экология жана туризм факультетинде Мамлекеттик тил күнү майрамы белгиленди.
Факультеттин таланттары студенттер жана окутуучулар үчүн майрамдык концерт уюштурушту. Абдан кызыктуу номерлер болду: кыргыз тилинин мааниси жөнүндө көркөм аткаруу, Манастан үзүндү, бий номерлери, кыргыз тилин билүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө ырлар, комуздун коштоосунда ырларды дуэт менен аткаруу. Студенттерге жана окутуучуларга улуттук суусундуктар жана боорсок тартууланды.
(С) Сарсеитова Аида – факультет деканынын тарбия иштери боюнча орун басары





