2025-жылдын 23-сентябрында Чет тилдер институтунда (ЧТИ) Мамлекеттик тил күнүнө карата “Эл дөөлөтү – эне тил” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чараны факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучулары Т.Чыманова, Г.Элтузерова, М.Думанаева, Э.Искакова жана А.Каролова даярдашып, студенттерге улуттук баалуулуктардын маңызын дагы бир жолу даңазалап беришти.
Жыйында ЧТИ директору Кенжебек Уметов куттуктоо сөзүн сүйлөп, студенттерге ийгиликтерди каалады. Андан соң 1-курстун студенттери эне тил темасында көркөм окууларды, “Манас” эпосунан үзүндүнү, обондуу ырларды аткарышып, кыргыз бийин бийлешип, комуздун күүлөрүн тартуулашып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө эне тилди таза сактоо, анын өнүгүшүнө ар бир жарандын салымы маанилүү экени белгиленип, “Эне тилибизди ар дайым барктап, мекенибизди көздүн карегиндей сактоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз” деген чакырык жаңырды.
Салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде жыйынтыкталып, катышуучуларга патриоттук дем жана руханий көтөрүңкү маанай тартуулады.
(С) Байболотова Ж.Т. – Чет тилдер институтунун тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары




