2025-жылдын 12-13- сентябрында Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Мейликан Алтыбаеваны 75 жылдыгына жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 55 жылдыгына арналган «Математикалык билим берүүгө заманбап мамилелер жана технологиялар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташуунун алкагында иш-чарага И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун филологиялык жана социалдык экономикалык билим берүү кафедрасынын доценти Клара Алдашева менен мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын доценти Астра Укелеева катышып, «Чет тили маданияттар аралык коммуникация жана толлерранттуулукка тарбиялоо каражаты катары» жана «Инсандын гумандуулук сапаттарынын жана эммоциялык интеллектинин өз ара байланышы» деген темаларда баяндама жасашты.
КУУнун доценттери о.э. академиялык мобилдүүлүктү бекемдөө, илимий жана билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүү, заманбап педагогикалык жана изилдөө практикалары менен тажрыйба алмашуу максатында ОшМУнун студенттерине конок лекцияларды окушту.
(С) Астра Укелеева – мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын доценти





