2024-жылдын 6-ноябрь күнү Улуттук университеттин ботаникалык бакчасында “Билим Бишкек” инновациялык борбору ачылды. Иш чарага Түркия президентинин жубайы Эмине Эрдоган айым катышты.
Борбордун кире беришине тартылган кызыл лента кесилген соң, Түркиянын биринчи айымы Билим Бишкектеги курстарга катышып жаткан окуучулар менен маектешип, ачылып жаткан борбор боюнча алардын пикирин сурап, жакшы окуп, терең билим алышын каалады.
Борбордо 6 жаштан 14 жашка чейинки так илимдерге кызыккан таланттуу жаштар мектептен кийин теориялык билимди турмушта колдонууга үйрөнүшөт. Дизайн, Математика, Табигый илимдер, Технологиялар, Астрономия, Авиация, Космонавтика, Айыл чарбасы боюнча билим алган балдардан келечекте илимпоздор, ойлоп табуучулар тарбияланып чыгат деген ишеним чоң.