2023-жылдын 5-октябрында КУУнун практика жана карьера борборунун директору Бакалбаев Замир Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу финансы-кредиттик фонддун төрагасы Доолбеков Элдияр менен жолугушту.

Тараптар эки мекеменин жетекчилери мурдатан кол койгон кызматташуу келишиминин негизинде Улуттук университеттин студенттеринин өндүрүштүк практикасын ФКФда өткөрүү жана карьерасын улантуу маселелерин талкуулашты.

Аталган фонддун имаратында өткөн жолугушууга практика жана карьера борборунун башкы адиси Шерматова Жыпаргүл жана ФКФ өкүлү Дубанаев Алмазбек катышты.

(С) Саматали кызы  Акбермет – практика жана карьера борборунун жетектөөчү адиси

Добавить комментарий