2023-жылдын 3-октябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан уюштурулган “ХХI кылымдын кадрлары” деген иш чара болуп өттү. Жыйынга Салымбеков университетинин тышкы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору Аваз Казаков менен Салымбеков бизнес мектебинин директору Жакшылык Бекназаров келишти.
Аваз Казаков “Билим берүүнүн заманбап тенденциялары” темасында сөз сүйлөп, билим берүүнүн келечегин түзүүчү көптөгөн кызыктуу жана актуалдуу идеялар менен бөлүштү.
(С) Буланбек кызы Асель – тарбия жана жатаканалар секторунун башчысы