2025-жылдын 23-июлунда 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, КУУнун биринчи проректору Алайбек Шамшиев алып барган жыйынга Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Калыбек уулу Марат, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов, о.э. факультеттердин декандары, институттардын директорлору катышты.
Жыйындын башында Алайбек Шамшиев абитуриенттерди кабыл алуунун 1-турунда жакшы жыйынтык көрсөткөн кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө ыраазычылык бидирип, мындан аркы ийгиликтерди каалады. Проректор о.э. түзүм жетекчилеринин жыйынга катышуусун текшерип, катышпай жаткандарга кабыл алуу кампаниясына жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарылдыгын эскертти жана планы толбой жаткан түзүм жетекчилерине активдүү иштеп, планды толтуруу милдетин койду.
Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов кабыл алуунун жүрүшү боюнча жалпы маалымат берип, 2-турда Улуттук университетке жалпысынан 2 миң 171 абитуриент катталганын (анын ичинде 1316 абитуриент контракттык бөлүмгө, 855 – бюджеттик бөлүмгө) билдирди. Бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 2-орунду ээледи, ал эми биринчи орунга 2599 абитуриент менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети чыкса, 1964 абитуриент менен Ош мамлекеттик университети 3 орунда.
Андан ары ал “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардын бакалавриаты менен магистратурасындагы багыттарга (адистиктерге) катталган абитуриенттердин, ал багыттар (адистиктер) боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга “Бишкек шаары”, “Кичи шаарлар”, “Тоолуу аймактар” жана “Айыл аймактары” деген категориялар боюнча аталган система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Өтүү баллдары түзүм жетекчилери менен макулдашылган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир факультет/институт боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
2-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Министрликтин буйругу менен бекитилген графиктин негизинде окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 24,25,26-июль күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында эрте мененки 9.00дөн кечки саат 17.00гө чейин жүргүзүлөт (Ишемби күнү – эрте мененки 9.00дөн кечки саат 16.00гө чейин).







