2025-жылдын 22-июль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жаңна инновациялар министрлигинин “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Академиялык инновациялар фонду (АИФ) тарабынан гранттарды алуу боюнча маалымат жыйыны өткөрүлдү. Иш-чарага мамлекеттик жана жеке менчик ЖОЖдордун окутуучулары жана изилдөөчүлөрү катышышты.
Жыйынды илимий иштер боюнча проректор Камчыбек уулу Мырзабек ачып, АИФтин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирүү менен, аларга сөз кезегин узатты.
Академиялык инновациялар фондунун улук адиси Фарида Рыскулуева сынактын максаты — өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын илимий потенциалын жогорулатууга жана университеттер менен экономика тармактарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө багытталган инновациялык академиялык жана илимий долбоорлорду колдоо экенин баса белгиледи. Ал эми аталган мекеменин жогорку билим берүү боюнча адиси Нургүл Токтогулова долбоолорду тандоодо аялдар жетектеген, студент кыздарды жана социалдык жактан аярлуу топторду же мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тарткан демилгелерге артыкчылык берилерин кошумчалады.
Проект боюнча берилген маалыматтар катышуучулардын кызыгуусун туудуруп, суроолорун узатышты.
Белгилей кетчү нерсе, грант каражаттары имарат курууга, эмгек акыларга, стипендияларга жана транспортко жумшалбайт. Максималдуу суммасы 200 миң АКШ долларына чейин бааланып, 36 айга чейин берилет.
Аталган грант боюнча онлайн, офлайн семинарлар башка окуу жайларда да өткөрүлөт.
Академиялык инновациялар фондунун презентациясы












