2025-жылдын 29-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде университеттин күнү жана 100 жылдык мааракеге карата ведомстволук сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Ректор, профессор Догдурбек Чонтоев көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн университеттин окутуучуларын жана кызматкерлерин расмий куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.
“Улуттук университет жогорку окуу жайлардын алды болууга бардык аракеттерди жасап жатат. Быйылкы 100 жылдык мааракеге карата чоң өзгөрүүлөр күтүлүүдө. 11 жылдан бери авариялык абалда турган №4 жатакана толугу менен алынып, анын ордуна 16 кабаттуу заманбап имарат курулат. Эгерде бул эки жыл ичинде толук бүткөрүлсө, анда 24 саат бою иштей турган китепкана ачылып, илимий иштерге ыңгайлуу шарттар түзүлөт”, — деди Догдурбек Чонтоев.
100 жылдык мааркеге утурлай улуттук универсмитет 100 китеп басып чыгаруу, 100 кабинетти ачуу акцияларын жүргүзүүдө.
Сыйлыктар төмөнкү номинациялар боюнча тапшырылды:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси;
- Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары;
- Кыргыз улуттук университетинин сыйлыктары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Сыйлангандардын тизмеси
Министрликтин сыйлыктары
КУУнун сыйлыктары
