2025-жылдын 29-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйында университеттин академиялык жана административдик ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маанилүү маселелер каралды.
Күн тартибинде бир нече маселелер талкууланып, алардын айрымдары добуш берүү аркылуу кабыл алынды. Негизги маселелердин бири катары 2025–2026-окуу жылына карата кабыл алуу кампаниясынын жүрүшү каралып, быйылкы жылы Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) босого баллына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле КУУдагы иш кагаздарын жүргүзүүнүн учурдагы абалы талданып, алардын сапатын жакшыртуу жана нормативдик талаптарга ылайык келтирүү боюнча сунуштар жактырылды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин грифин алуу максатында сунушталган окуу китептеринин тизмеси каралып, добуш берүү аркылуу бекитилди.











