2025-жылдын 28-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) окуу жайдын 100 жылдык мааракесине арналган алгачкы салтанаттуу иш-чара – “Улуттук университеттин күнү” болуп өттү. Кылымдык тарыхы бар окуу жайдын бул мааракеси — өлкөнүн билим берүү жана илим тармагындагы эң маанилүү окуялардын бири.
Иш-чара улуу ойчул жана акын Жусуп Баласагындын эстелигине гүл коюу менен башталып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин жаңырышы менен расмий ачылды.
Мааракелик программанын алкагында КУУнун калыптаныш тарыхын, жетишкендиктерин жана келечекке багыттарын чагылдырган даректүү тасма көрсөтүлүп, студенттер жана артисттердин катышуусунда театрлаштырылган оюн көрсөтүлдү.
Салтанаттын жүрүшүндө КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев куттуктоо сөзүн сүйлөп, университеттин кылымдык салымын жана келечектеги багыттарын белгилеп өттү.
Өткөн 100 жылдын аралыгында биздин университет мамлекетибиздин башкаруу тармагы менен экономикасы, илими менен билим берүүсү, маданияты менен спорттук жетишкендиктери үчүн 190 миңден ашуун адистерди даярдап, алардын дээрлик көпчүлүгү өзгөчө бийиктиктерге жетишүү менен өлкөбүздүн жана калкыбыздын атын алыска угузду. Тагырак айтканда, университетибиздин бүтүрүүчүлөрүнүн бешөө Кыргыз Республикасынын Баатыры, үчөө Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры, он бири Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги, кырк бири Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу жана эл акыны деген ардактуу наамдарга ээ болушса, экөө Бүткүл дүйнөлүк Олимпиада оюндардын чемпиондору болушкан. Жалпы өлкөбүз боюнча “Кыргыз Республкасынын эл мугалими” деген ардактуу наамга ээ болгон жыйырма төрт залкар педагог болсо, алардын он алтысы биздин университеттин бүтүрүүчүлөрү болуп эсептелет
– деп билдирди ректор.
Иш-чара концерттик бөлүк менен улантылып, ага А.Жумахматов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри, бий топтору жана белгилүү опера ырчылары катышты.
Майрамга Бишкек шаардык кеңешинин эмгек фракциясынан Эркинбек Салымбеков, куттуктоо сөзү менен чыгып, улуттук университет эл сыймыгы экенин билдирди.
УИАнын корреспондент мүчөсү, профессор Эсенбек Мамбетакунов менен Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева КУУнуну эмгек жамаатын окуу жайдын майрамы менен куттукташты.
Иш-чараны КУУнун биринчи-проректору Алайбек Шамшиев башында турган уюштуруу комитети, кесиптик бирлик комитети, ректораттын аппарат жетекчиси, журналистика жана коммуникация институту, юридикалык коледж жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Молдосейит Мамбетакунов биргеликте уюштурду.
Маараке — бул өткөндү эскерүү гана эмес, келечекке карай ишенимдүү кадам.
Ректордун куттуктоосу (толугу менен)
Тема боюнча материалдар: