Кыргыз улуттук университетинде улуттук педагогиканын өнүгүүсүнө арналган эл аралык конференция өттү

2025-жылдын 27-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу жана университеттин 100 жылдык мааракесине арналган “Ааламдашуу доорундагы улуттук педагогиканын абалы, өнүгүү тенденциялары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев өз сөзүндө:
“Келечек муунду тарбиялоодо улуттук педагогиканын уюткулуу мурасын сактап, ошол эле маалда замандан артта калбай таалим-тарбия берүүдө мугалимдердин орду зор” — деп белгиледи.

Конференциянын негизги максаты — улуттук педагогиканын учурдагы абалын талдоо, глобалдык өзгөрүүлөр шартында өнүгүү багыттарын аныктоо жана Кыргыз Республикасында заманбап талаптарга жооп бере турган педагогиканын улуттук моделин иштеп чыгуу болду.

Иш-чарага Кыргызстандын 17 жана чет өлкөлөрдүн 7 жогорку окуу жайларынын көрүнүктүү илимпоз-педагогдору, окумуштуулары, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана педагогдор коомунун мүчөлөрү катышты. Алардын катарында Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан мамлекеттеринин өкүлдөрү да бар.

Конференция тууралуу толук маалымат

Добавить комментарий