2025-жылдын 26-май күнү Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту тарабынан Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине карата уюштурган «Жаңырган акыл» II Республикалык хакатонун жыйынтыгы чыгарылып, КУУнун илимий иштер боюнча проректору Камчыбек уулу Мырзабек жана КТЖИИнин директору Амантур Рыспаев жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырышты.

Хакатондун калыстар тобунун чечими менен төмөндөгү командалар жеңүүчү деп табылды.

Жеңүүчү командалар:

  • 1-орун: 40 000 сом – Алибеков Нуртилек, Кыргыз-Түрк Манас Университети, тиркеме: “AITilchi”.
  • 2-орун: 30 000 сом – Маматкул уулу Эрадил, “IT-KAGANAT” командасы,  Ж.Баласагын атындагы КУУнун КТжЖИ институту.
  • 3-орун: 20 000 сом – Тулеев Нурсултан, “MentalX” командасы, БААУ (АУЦА).
  • 4-орун: 10 000 сом – Шарма Кошель, “Sound Vision” командасы, Ала-Тоо колледжи.

Кызыктыруучу сыйлыктар төмөнкү катышуучуларга ыйгарылды:

  • Артыкбаев Бексултан – команда “TRUE”, Ж.Баласагын атындагы КУУнун КТжЖИ институту.
  • Жолонов Баяман – команда “Энактус ОшМУ”.
  • Ташбалтаев Тынчтыкбек – Кыргыз-Түрк Манас Университети.
  • Авазбекова Алина Авазбековна – И.Раззаков атындагы КМТУ.
  • Омуркулов Амир – укук боюнча тиркеме, Ала-Тоо колледжи.
  • Турумов Жоомарт – тиркеме “EcoUp”, И.Раззаков атындагы КМТУ.
  • Иванов Алексей – “INAI”, Финансы жана аналитика, Кыргыз-Герман Колдонмо информатика институту.
  • Авлезов Билал – команда “Мэд-Номад”, тиркеме “Mugalim Ai”, Эл аралык Мета илимий университети.
  • Раимбеков Актан – команда “JASHSYN”, тиркеме “ОРТ соц. сеть”.

Добавить комментарий