2025-жылдын 26-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) ректорат кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Иш-чарада университеттин академиялык жана административдик ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

Жыйында төрт негизги маселе каралып, анын ичинде:

  • Студенттерди социалдык жактан колдоо жана жеңилдиктер берүү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу баяндама жасалды.
  • 2025–2026-окуу жылына кабыл алуу процессинде күтүлүп жаткан өзгөртүүлөр менен таанышуу.
  • КУУда иш кагаздарын жүргүзүүнүн абалы талкууланып, иш кагаздарынын сапаты жана нормативдик талаптарга шайкештиги каралды.
  • Сыйлыктар боюнча комиссиянын ишмердүүлүгү жана окутуучулар менен кызматкерлерди сыйлыкка көрсөтүү критерийлери боюнча маалымат берилди.

Жыйын соңунда КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев: “Улуттук университетке кабыл алууда талапкерлердин саны эмес, сапаты маанилүү. Заман талабына ылайык иш алып барышыбыз керек,” — деп баса белгиледи. Жаңы өзгөрүүлөр жана жакшыртылган талаптар, окуу процессинин сапатын жогорулатуу жана студенттерге татыктуу шарттар түзүү максатында кабыл алуу кампаниясы өзгөрүлөт.

Отурумдун жүрүшүндө каралган маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, айтылган сунуштарды жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен аларды Окумуштуулар кеңешинин 29-майда болуучу отурумуна алып чыгуу сунушталды.

Добавить комментарий