2025-жылдын 28-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 100 жылдык тарыхый мааракенин алкагындагы алгачкы салтанаттуу иш-чара өтөт.

Иш-чара саат 18:00дө университеттин башкы имаратында башталып, анда КУУнун калыптаныш тарыхы, жетишкендиктери жана келечекке карата багыттары айтылат. Программа К.Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри, бийчилер тобу жана белгилүү артисттер катышкан концерттик номерлер менен коштолот.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети — өлкөнүн илим-билим, маданият жана кадр даярдоо тармагына бир кылымдан бери салым кошуп келе жаткан Кыргызстандын алгачкы жогорку окуу жайы.

Кылым ашкан КУУнун 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлүп жаткан салтанаттуу иш-чарага кош келиңиздер!

Добавить комментарий