2025-жылдын 24-25-май күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин 100 жылдык мааракесине арналган «Жаңырган акыл» II Республикалык хакатонунун катышуучулары өздөрүнүн долбоорлорун көрсөтүштү.

Калыстар тобу ар бир презентацияны дыкаттык менен угуп, көрүп чыгып, жыйынтыгында жеңүүчүлөрдү аныкташты.

Калыстар тобу:

  • М.Т.Окенов – «Улут Софт» компаниясынын директору
  • У.Б.Баялиев – «Улут Софт» компаниясынын директорунун орун басары
  • А.К.Эсенов – Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башкы адиси
  • А.О.Рыспаев – Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун (КТЖИИ) директору
  • М.М.Ажигулов – КТЖИИнин ага окутуучусу
  • М.А.Темиров – КТЖИИнин доценти

Катышкан командалардын саны: оффлайн – 35, онлайн – 5. Жалпысы – 40 команда.

Калыстар тобу төмөнкү критерийлердин негизинде долбоордук чечимдерди 10 баллдык шкала боюнча баалашты:

  • Долбоор катасыз жана үзгүлтүксүз иштеши керек;
  • Долбоордун идеясы хакатондун беш багытынын бирине ылайык болушу керек;
  • Долбоордук чечимдин оригиналдуулугу жана инновациялуулугу;
  • Техникалык чечимдин иштелип чыккан деңгээли;
  • Сунушталган долбоордун экономикалык натыйжалуулугу;
  • Презентация жана тааныштыруу материалдарынын даярдыгы жана сапаты.

Жеңүүчүлөр:

  • 1-орун: Алибеков Нуртилек – Кыргыз-Түрк Манас Университети. Тиркеме: “AI Tilchi”. Берилген тапшырманы ийгиликтүү аткарып, кошумча функцияларды кошту.
  • 2-орун: Маматкул уулу Эрадил – “IT-KAGANAT” командасы, Ж.Баласагын атындагы КУУ. Жасалма интеллект колдонуп, функционалды толук ишке ашырды.
  • 3-орун: Тулеев Нурсултан – “MentalX” командасы, БААУ (АУЦА). Берилген материалдын айкындыгы жана ырааттуулугун жогорку деңгээлде камсыздады.
  • 4-орун: Шарма Кошель – “Sound Vision” командасы, Ала-Тоо колледжи. Жасалма интеллект колдонуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн тиркеме жасады.

Кызыктыруучу байгелер:

  • Артыкбаев Бексултан – команда “TRUE”, Ж.Баласагын атындагы КУУнун КТжЖИ институту
  • Жолонов Баяман – команда “Энактус ОшМУ”
  • Ташбалтаев Тынчтыкбек – Кыргыз-Түрк Манас Университети
  • Авазбекова Алина Авазбековна – И.Раззаков атындагы КМТУ
  • Омуркулов Амир – укук тиркемеси, Ала-Тоо эл аралык университети
  • Турумов Жоомарт – тиркеме “EcoUp”, И.Раззаков атындагы КМТУ
  • Иванов Алексей – “INAI”, Финансы жана аналитика, Кыргыз-Герман колдонмо информатика институту
  • Авлезов Билал – команда “Мэд-Номад”, тиркеме “Mugalim AI”, Эл аралык Мета илимий университети Раимбеков Актан – команда “JASHSYN”, тиркеме “ОРТ соц. сеть”.

Добавить комментарий