2025-жылдын 22-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаев менен жолугушту. Иш-чарада эки мекеменин ортосундагы кызматташууну тереңдетүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
КУУ менен УТРК мурда түзүлгөн өз ара кызматташтык меморандумунун алкагында иш алып барып келет. Анын негизинде КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун студенттери УТРКда практика өтөп, айрым бүтүрүүчүлөр ишке орношуп жатышат.
Жолугушууда ректор Догдурбек Чонтоев университет быйыл 100 жылдык мааракесин белгилеп жатканын белгилеп, бул ири датага маалыматтык колдоо көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.
УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев бул сунушту колдоп, «100 жылдыкка — 100 китеп» долбоорунун алкагында УТРКнын тарыхына арналган китеп даярдалып жатканын жана аны студенттер үчүн окуу куралы катары сунуштоого даяр экенин билдирди.
Жолугушууга КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк да катышып, кызматташтык натыйжалуу жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, жыл сайын студенттер практикадан өтүп, бүтүрүүчүлөрдүн иш менен камсыз болуусуна шарт түзүлүүдө.
Жолугушуунун соңунда ректор Догдурбек Чонтоев Жусуп Баласагындын «Кутадгу Билиг» чыгармасын УТРК жетекчилигине белек катары тапшырды.



