Душанбе, 2025-жылдын 14-майы — Тажикстандын борбору Душанбе шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин XVIII илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын форумунун алкагында «Содружество дебютов» (Дебюттардын шериктештиги) эл аралык жаштар сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин XVIII илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын форумунун алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу университеттин атынан ардактуу конок катары катышты.
Бул сыйлык 2008-жылы Гуманитардык кызматташтык боюнча кеңеш жана КМШ мамлекеттеринин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фонду тарабынан негизделген жана жыл сайын 35 жашка чейинки жаш адистерге гуманитардык чөйрөдөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн ыйгарылат.
2025-жылы сыйлык КМШда волонтёрдук кыймыл жылы деп жарыяланганына байланыштуу ыйгарылды. Жети өлкөдөн тогуз талапкер көрсөтүлүп, алардын арасынан жети лауреат тандалып алынган:
- Джейла Сеидова (Азербайжан) — Азербайжан филармониясынын Мамлекеттик кыл аспаптар квартетинин жетекчиси, Азербайжандын эмгек сиңирген артисти;
- Микаел Мартиросян (Армения) — Улуттук политехникалык университетинин колледжинин директорунун орун басары, «Эвотек» программалоо компаниясынын башкы директору;
- Павел Вандеев (Беларусь) — Беларусь мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жаштар саясаты чөйрөсүндөгү иш-чараларды уюштуруу боюнча адиси;
- Аридаш Оспанбаева (Казакстан) — Мухтар Ауэзов атындагы улуттук драма театрынын режиссёру;
- Нуржана Бардыбаева (Кыргызстан) — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык колледжинин окутуучусу;
- Анна Колычева (Россия) — Югра жаштар борборунун башкы директорунун орун басары;
- Сорбон Зафарзода (Тажикстан) — Тажик улуттук университетинин органикалык химия кафедрасынын ага окутуучусу.
Нуржана Бардыбаева бул сыйлыкка студенттер арасында волонтёрдук кыймылды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн татыктуу болду. Анын билим берүү чөйрөсүндө ыктыярчылык демилгелерди илгерилетүү боюнча активдүү иши жаштар арасында жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга олуттуу салым кошуп келет.
«Содружество дебютов» сыйлыгы — бул КМШнын жаш адистеринин маданият, илим жана билим берүү тармагындагы эмгегин таануу менен бирге, алардын кесиптик өсүшүнө жана КМШ алкагындагы кызматташтыкты чыңдоого түрткү берүүчү маанилүү демилге болуп саналат.



