Тажикстандын борбору Душанбе шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин XVIII илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын форуму өтүп жатат.

Бул маанилүү маданий-илимий иш-чарага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн белгилүү илимпоздору, маданият ишмерлери, жазуучулары жана искусство өкүлдөрү катышууда.

Форумдун расмий ачылыш аземин Тажикстандын вице-премьер-министри Дилрабо Мансури ачып берип, илимий жана чыгармачыл чөйрөлөр ортосундагы кызматташтыктын маанисин белгиледи. Өз сөзүндө ал форум интеллектуалдык баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү үчүн маанилүү платформа болуп эсептелерин баса белгиледи.

Иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорат аппаратынын жетекчиси Нуржана Бардыбаева да катышууда.

Форумдун алкагында ар түрдүү темаларда талкуулар, пленардык жыйындар жана маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул форум — КМШ өлкөлөрүнүн маданий жана илимий байланыштарын чыңдоого, руханий жана чыгармачыл диалогду тереңдетүүгө өбөлгө болгон аянтча болуп калды.

Добавить комментарий