2025-жылдын 12-16-май күндөрү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVIII Форуму болуп өттү. Бул маанилүү эл аралык иш-чарага КМШнын курамындагы өлкөлөрдүн көрүнүктүү маданият ишмерлери, илимпоздору, чыгармачыл жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты. Форумдун максаты – илимий жана маданий байланыштарды чыңдоо, интеллектуалдык диалогду өнүктүрүү жана гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү болду.

Кыргызстандын атынан бул форумга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу катышып келди. Анын катышуусу университеттин эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө жана илимий-гуманитардык кызматташтыктын алкагында жаңы багыттарды аныктоого өбөлгө түздү.

Иш-чаранын алкагында ар түрдүү панелдик талкуулар, тегерек үстөлдөр жана баяндамалар өтүп, төмөнкү багыттар талкууланды:

  • КМШ мейкиндигиндеги гуманитардык интеграциянын абалы жана келечеги;
  • Жаш муунду тарбиялоодо маданият менен илимдин орду;
  • Санариптик доордогу чыгармачылыктын жана илимий изилдөөлөрдүн трансформациясы;
  • Эл аралык илимий жана маданий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү.

Форумдун жүрүшүндө Мырзабек Камчыбек уулу бир катар өкүлдөр менен жолугушууларды өткөрүп, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун илимий жана маданий потенциалы тууралуу маалымат берди жана өз ара кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Форумдагы баарлашуулар жана талкуулар жаңы демилгелерге жана кызматташуу форматтарына шыктандыруу берди.

Жыйындын соңунда катышуучулар КМШ мамлекеттеринин чыгармачыл жана илимий чөйрөсүнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөө, жалпы долбоорлорду ишке ашыруу жана маданий мурастарды сактоо боюнча бир катар резолюцияларды кабыл алышты. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети бул сыяктуу эл аралык аянтчаларга активдүү катышууну мындан ары да улантып, илим-билим тармагындагы өзүнүн ордун бекемдөөгө багытталган аракеттерди жүргүзө бермекчи.

Добавить комментарий